Борбор калааны көрктөндүрүү жана архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу  максатында ишкерлер менен жолугушуу   өттү.

Биринчи май райондук администрациясынын  башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Райым Жолдошов Чүй проспектиси №243 имаратында жайгашкан "DemirBank" банкынын, "Beko", "Оrtis", "Armine-Altinyldiz", "Fomanta" дүкөндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

"Бишкекбашкыархитектура"муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан имараттын фасадын бирдиктүү стилде жасалгалоо боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Ошондой эле, зарыл болгон учурда, муниципалитет долбоорду иштеп чыгууда ар бир имаратка жекече кароого даяр экендиги баса белгиленди.

Ишкерлер бул багытты колдоо менен кабыл алышып, шаарды өнүктүрүү боюнча кызматташууга даяр экенин  билдиришти.

Белгилей кетсек бул багытта тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө.