Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен райондордо имараттардын сыртын оңдоо иштери уланууда.
Ошентип, Биринчи май районунда дагы эки имараттын сырткы келбети борбордун кооздугуна айланды.
Жибек-Жолу пр., 326 дарегиндеги «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын имаратынын сырткы сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Кыргызстан Эл аралык университетинин (ЭУ) чет элдик студенттери жашаган Фучик көчөсү, 47Б дарегинде жайгашкан “Гурукул” жатаканасынын фасады жогорку технология менен жасалып, аны менен катар жанаша жайгашкан аймактарда көрктөндүрүү жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Белгилей кетсек, мындай демилгелер Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын жарандык сектор менен өз ара аракеттенүүсүнүн жана бизнес-коомчулуктун өнөктөштүгүнүн аркасында жүргүзүлүүдө.