Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинде жана борбор калаанын райондук администрацияларында жер мунапыска кирген объектилер боюнча комиссиялар ишин улантууда.


Биринчи май райондук комиссиясында 47 материал каралды,  12 арыз канааттандырылды, бир арыз райондук акимчиликке жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти менен бирге кароого жиберилди,   материал шаар курулуш корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» МИге жиберилген.


Свердлов райондук комиссиясында 35 материал каралып, анын 15и боюнча оң чечим чыгарылган, 3 арыз тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөө үчүн кийинкиге калтырылган, 17 материал шаар курулуш корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» МИге жиберилген.

Урматтуу шаардыктар! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону, 57 дареги боюнча кабыл алынат   (Жеке турак-жай жана шаар куруу департаменти), байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

Маалымдама: Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 18-октябрындагы №567  "Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун  негизинде иш алып барышат.