Райондук акимчиликтерде балдар иштери боюнча комиссиялардын жыйындары уланууда.
Биринчи май акимчилигинде өткөрүлгөн отурумга акимдин орун басары Айнура Арстамбекова, билим берүү борборунун өкүлдөрү, ҮМБ, психологдор жана социалдык кызматкерлер, өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, SOS Балдар айылы коомдук фонду, «Элим барсыңбы» коомдук бирикмеси, «Альтернатива» үй-бүлөнү бириктирүү борбору катышты.
Алар 8 жаштагы жана андан жогорку жаштагы балдарды 1-класска кабыл алуу, балдарды социалдык мекемелерде жашоо мөөнөтүн узартуу же жайгаштыруу, жашы жете элек балдарга таандык мүлктүн үлүшүн сатууга уруксат берүү боюнча 9 материалды карап чыгышты.
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча тынымсыз телефонуна кайрылыңыз:
- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.
Балдарга жардам көрсөтүү борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.