Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде «Ачык эшиктер күнү»   өттү.

Ошентип, машыктыруучулар Бакдөөлөт Бакиров, Талант Раимбердиев, Ракат Молдалиев жана Жумабек уулу Элдиярдын жетекчилиги астында Ордо оюну боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Спорттук иш-чарага 18 адам катышты. Конокторго мектептин окуу программасы, ошондой эле Ордо оюнунун тарыхы жана эрежелери тууралуу айтып беришти.

Маалымдама: Ордо оюну кыргыздын эң кеңири тараган оюндарынын бири болуп, байыркы замандан бери бизге жеткен. «Ордо» – «Хандын ордосу, хан сарайы» дегенди билдирет.