Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде «Ачык эшиктер күнү» болуп өттү.
Машыктыруучулар Талгат Сагындыков жана Кыргыз Республикасынын спорт чебери Беделбек Кудайбергеновдун жетекчилиги астында стол тенниси боюнча мастер-класс өттү.
Кыргыз Республикасынын спорт чебери Атай Касымов жана спорт чеберине талапкер Адилет Насирдинов өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Окуу иш-чарасына 32 адам катышты.
Стол тенниси бир кылымдан ашык убакыт мурун пайда болгон жана бүгүнкү күндө бул олимпиадалык спорттун түрү. Оюнчулардын максаты – атаандашы топту сүзө албай турган, же туура эмес сүзгөн абалга жетишүү.