1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата “Үмүт үйү” карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесинде иш-чара   өттү.
Мекеменин жамааты тарабынан жашоочулар үчүн концерт уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын чек арачылар ансамблинин  музыкалык чыгармалары  менен коштолду. Концерттен кийин майрамдык түшкү тамак уюштурулду.

Ошондой эле майрамдын урматына СӨБнын каттоосунда турган шаардагы аз камсыз болгон карылар почта бөлүмдөрү же банктар аркылуу 500 сомдон төлөм берилди.

“Үмүт үйү” карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесинде бүгүнкү күндө 205 адам жашайт, бул мекеменин бардык жашоочуларына акысыз социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары көрсөтүлүп, кийим-кече, бут кийим жана эң керектүү буюмдар менен толук камсыздалат.

\