Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялайт.
Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү 52 дарегинде жайгашат.
Жер участогунун жалпы аянты- 2,161га.
Долбоордо тротуар, велосипед тилкеси,балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, мини-футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган.
Сметалык наркы 101 миллион 393 миң 714,7 сом.
2023-жылга 6 000 000 сом каралган.
Урматтуу шаар тургундары жана ишкерлер!
Сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg