Борбор калааны көрктөндүрүүнүн алкагында Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Биринчи май акимчилигинин турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын,   «Бишкекбашкыархитектура», «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын, МАБдын кызматкерлери катышты.

Жыйында тротуар курууга тоскоол болгон туруктуу имараттарды жана тосмолорду демонтаждоо маселеси талкууланып, жарандарга бул иштерди өз ыктыяры менен жүргүзүү боюнча эскертүүлөр да берилди.

Белгилей кетсек, Лев Толстой көчөсүн бойлой Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин түндүк тарабында узундугу 2 чакырымдай   тротуар куруу иштери жүрүп жатат.