Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучулары USTOZ VA SHOGIRD эл аралык турнирине катышып, байгелүү орундарды ээлешти.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

Арсен Өмүржанов (55 кг, улуу балдар) – 1-орун;
Арслан Молдодосов (55 кг, кичүү балдар) – 1-орун;
Жакыпбеков Темирлан (73 кг) – 2-орун;
Жолдошкулов Айтегин (89 кг) – 2-орун;
Жайлообек уулу Азамат (81 кг) – 3-орун;
Ыбыкеев Эржан (55 кг) – 3-орун;
Өмүржанов Азим (73 кг) – 3-орун;
Минназаров Мухаммед (96 кг) – 3-орун.

Белгилей кетсек, мелдеш 2023-жылдын 27-сентябрынан 30-сентябрына чейин Самарканд шаарында (Өзбекстан) өткөн.

Турнир жаш оор атлетчилер үчүн чоң тажрыйба болду, алар өздөрүнүн спорттук чеберчиликтерин көрсөтө алышты.

Мындай спорттук иш-чаралардын максаты - КМШ жана Азия мамлекеттеринин спортчуларынын ортосундагы достукту чыңдоо жана жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу.