“Ата-Энелер мектеби” программасынын алкагында Биринчи май районундагы №1 бала бакчада ата-энелер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн сабак өтүлдү.
Мастер-класстар балдардын сезүү, кабылдоо, көңүл буруу, түшүнүү жана эстеп калуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле 3 жашка чейинки балдарды тарбиялоонун багыттары, мааниси жана ыкмалары боюнча өткөрүлдү.
Эксперттер балага жардам берүү үчүн кандайдыр бир кырдаалда өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча иш-аракеттер, конкреттүү алгоритмдер жана ыкмалар тууралуу айтып беришти.
Иш-чаранын максаты – билим берүү уюмдары менен ата-энелердин ортосундагы байланыштын жолдорун жана каражаттарын үйрөтүү болуп саналат.
Мындай окуулар үзгүлтүксүз өткөрүлөт.