2023-жылдын 11-октябрында саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы М.Фрунзе көч., Манас пр., Жибек Жолу пр., Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешет.
Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.