Бүгүн Свердлов районунда Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнүн ЧЧКнан «Каражыгач» токоюна чейинки жолунун уланышынын салтанаттуу ачылышы   өттү.

Иш-чарага Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов, №20 МАБнын  башчысы Орозбек Калыбеков жана аталган көчөнүн тургундары катышты.

Жол-курулуш иштерин "Бишкекасфальтсервис"МИнын кызматкерлери жасашты. Жолдун узундугу 725 метр, асфальтталган участоктун жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзөт.