Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңеш

Биринчи май акимиатында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Биринчи май районунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, прокуратуранын, УКМКнын, райондук ИИБнын, Биринчи май району боюнча пробация органынын, көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциянын, райондук билим берүү жана социалдык өнүктүрүү  башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле МАБнын башчылары чогулушту.

Жыл башынан бери биринчи маселе боюнча 31 рейддик иш-чара өткөрүлүп, 1174 даректин тизмеси түзүлүп, алар мындан аркы чараларды көрүү үчүн салыкчыларга жөнөтүлдү.

Экинчи маселе менен муниципалдык инспекция жыл башынан бери 1896 чарба субъектиси текшерилгенин, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 374 протокол түзүлгөнүн, тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары боюнча 132 рейд түзүлгөнүн, бардыгы болуп 414 чарба субъектиси, мончо, сауна, жеке үй ээлери текшерилгендигин, жер жумуштарына ордерлер боюнча 117 дарек текшерилгенин, 17 «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен тиричилик эмес таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүү рейддери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 52 келишимге кол коюлганын билдирди.

Таштандыны туура эмес жерге таштагандыгы үчүн 53 протокол түзүлүп, аны менен бирге «Сары-Өзөн», «Кудайберген», «Азиз», «Баят», «Ак-Сай» базарларынын администрациялары менен санитардык абалды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарын жана толуктоолорун эске алуу менен тапшырмалардын протоколу түзүлдү.