Өткөн дем алыш күндөрү Биринчи май районунун «Калыс-Ордо» конушу 20 жылдыгын белгиледи.

Майрамдык иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Биринчи май акимиатынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков, жаңы конуштун жашоочулары катышты.

Иш-чаранын программасында концерт, спорттук мелдештер болуп, ошондой эле улуттук тамак-аш жана суусундуктары бар 9 боз үйдөн турган этно шаарча ачылды.

Белгилей кетсек, «Калыс-Ордо» конушу 2003-жылы негизделген, аянты 135 га, калкы 8911 адам, социалдык объектилерден №86 мектеп, бала бакча, врачтык амбулатория бар.