Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.
Спорттук иш-чара экскурсия менен башталды. Директордун орун басары мектептин тарыхы жана спортчулардын жетишкендиктери тууралуу айтып берди, ошондой эле конокторго учурда иштеп жаткан машыктыруучу-окутуучуларды тааныштырды.
Белгилей кетсек, спорт мектебинде жалпысынан 250 спортчу билим алууда, анын ичинен: 3 эл аралык класстагы спорт чебери, 14 КР спорт чебери, 19 спорт чеберине талапкер жана 34 биринчи разряддагы спортчулар.
Мектепти Азия чемпионаттарынын жана Азия кубогунун көп жолку чемпиону жана медалынын ээси, эмгек сиңирген спорт чебери Улан Молдодосов жетектейт.
Машыгууга 45 спортчу катышты. Ачык сабакта машыктыруучу А. Зайченконун жетекчилиги астында мастер-класс болуп өттү, анда күчтүн тездигин өнүктүрүү, классикалык көнүгүүлөрдү аткаруу, ийкемдүүлүк жана чоюу элементтери, ошондой эле көкүрөктөн штанганы классикалык түртүүнү аткаруу техникасы көрсөтүлдү.
Бул иш-чаранын максаты жаштарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, өсүп келе жаткан муундун ден соолугун чыңдоо, ар тараптуу дене тарбия жана сергек жашоо образына муктаждыкты калыптандыруу, жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу жана өнүктүрүү болду.
«Ачык эшиктер күнү» жогорку, эмоционалдык жана уюштуруучулук деңгээлде өтүп, коюлган максаттарга жетти.