Эң татаал иштер аяктап, объекттерде асфальтка даярдоо жана асфальтбетон аралашмасын төшөө боюнча иштер калды.

Бүгүнкү күндө кошумча капиталдык тизмеге ылайык тротуарларды оңдоо 21 көчөнүн тилкесинде жүргүзүлүүдө. 7 объектиде асфальт төшөлө баштады, эки объектиде тротуар толугу менен бүткөрүлүп, 12 көчөдө курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Абдрахманов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин батыш тарабынан асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери толугу менен бүткөрүлдү. Эски асфальты сыйрып, тротуар бордюрларын орнотуп, асфальтка даярдап, аны салышты. Бардык объектилердеги иштер кызыл сызыктан чыгып кеткен тоскоолдуктардан улам кармалган. Алар: тосмолор, мамылар, бактар жана кире бериштер.

Л.Толстой көчөсүндө Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейинки бөлүктүн түштүк тарабынан жана ошондой эле жугуштуу оорулар ооруканасы менен Панфилов көчөсүнө чейин асфальт төшөлдү. Манас проспектисинен жугуштуу оорулар ооруканасына чейинки жерди асфальттоо пландалууда. Ошентип, бир нече күндүн ичинде Л.Толстой көчөсүндөгү иштер толугу менен аяктайт.

Медеров көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнөн Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин эки тараптан тең капиталдык оңдоо иштери пландалган. Бүгүнкү күндө Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейин жаңы тротуар салынды. Бүгүн Тыныстанов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин жана Элебес көчөсүнөн Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин түштүк тарабынан асфальт төшөө пландалууда. Түндүк тарабында тротуар бордюрларын орнотуу жана асфальтка даярдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, шаар тургундарын жаңы тротуарлар менен Исанов көчөсү кубандырат. Исанов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин чыгыш тарабынан асфальт төшөлүп бүттү. Экинчи бөлүгүн ушул дем алыш күндөрү асфальттоо пландалууда. Бүгүнкү күндө бригада Фрунзе көчөсүнүн батыш тарабынан Киев көчөсүнө чейин эски асфальтты сыйруу иштерин аткарууда.

Ошондой эле Ибраимов көчөсү Л.Толстой көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин эки тараптан тең тротуарды капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Жибек-Жолу проспектисинин жанындагы "Дастан" дүкөнүнөн Огонбаев көчөсүнө чейин курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө чейин асфальтбетон аралашмасы төшөлдү. Бүгүн бригада Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин батыш тарабына асфальт сала баштады. Башка бөлүктөрдө асфальтка даярдык иштери жүрүп жатат.
Үмөталиев көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин асфальтбетон аралашмасы төшөлүп, Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн ортосунда асфальтка даярдыктар көрүлүп, Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бөкөнбаев көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Үмөталиев көчөсүнө чейин түштүк тарабынан асфальтбетон аралашмасы төшөлдү. Эртең бригада Үмөталиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин асфальт төшөй баштайт, Эркиндик бульварынан Логвиненко көчөсүнө тротуар бордюрларын коюп, асфальтка даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бардык тротуарларга асфальт мындан дээрлик 30 жыл мурун төшөлгөн. Ушул жуманын ичинде дагы курулуш иштерин кээ бир объектилерде аяктоо пландалууда.