Биринчи май районунун Щербаков конушунда Алтын-Бак, Дөөлөт, Жаш муун, Умай-Эне, Улукман жана Залкар көчөлөрүн бойлото жалпы узундугу 3809 метрди түзгөн канализация тармагынын Профессор Зимы көчөсүндөгү борбордук магистралдык канализациялык линиясына кошуу менен курулушу башталды.
Тапшырыкчы- Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы, подрядчы - «Изоэль» ЖЧКсы.
Иштер шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.