Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен имараттардын фасаддарын жаңылоо боюнча иштер уланууда.
Свердлов районунда Абдрахманов көчөсүндөгү №135, 129 үйлөрдүн фасадын сырдоо иштери аяктады, ал эми Ибраимов көчөсүндөгү №57 үйдүн жана Абдрахманов көчөсүндөгү №119 үйдүн фасадын жаңылоо пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин акимчиликтин кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» МИ, Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы МАБ менен биргеликте чарбалык субъектилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле эскиздик долбоорлорун таратышкан.
Ишкерлер архитектуралык-көркөм концепцияга ылайык, мындай иш-чараларды түшүнүү жана колдоо менен кабыл алышты.