Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы баш калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Чүй проспектисин айланып өтүү учурунда Бишкек финансы-экономикалык академиясынын мурдагы имаратынын маңдайкы бөлүгүн тийиштүү деңгээлде кармабагандыгы үчүн 15-сентябрда аймакты тартипке келтирүү жөнүндө жазма буйрук берилген.

Бирок жазма буйрук аткарылган эмес, буга байланыштуу 2023-жылдын 2-октябрында муниципалдык инспекция тарабынан Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 434-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, комиссиянын кароосуна берилген. Андан кийин 2023-жылдын 5-октябрына чейин жаңы көрсөтмө берилди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери боюнча ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери, жеке турак үйлөрдүн ээлери, балансында имараттары жана курулмалары бар көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери алардын фасаддарын, ошондой эле айрым элементтерин (балкондорду, лоджияларды, суу түтүктөрүн, тосмолорду, темир дарбазаларды ж. б.) реставрациялоо, оңдоо жана сырдоо иштерин өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылууга, фасаддарда жайгашкан маалыматтык такталарды, эстелик такталарды ж. б. таза жана оң абалда кармоого милдеттүү.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону суранабыз!