Биринчи май акимиатынын имаратында мамлекеттик тил боюнча жыйын өттү.
Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Биринчи май район башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская, акимиатынын кызматкерлери, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдардын жетекчилери, лингвист-эксперттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тил боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан негизги өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан тышкары, билим деңгээлин баалоо боюнча «Кыргызтест» системасынын иши менен тааныштырылды.
Ошондой эле, өзгөчө жалпы билим берүү уюмдарында жана мектепке чейинки мекемелерде эне тилди жайылтуу боюнча иш-чараларды күчөтүү керектиги айтылды.
Улуттук комиссиянын мониторингинин жыйынтыгы боюнча 8 айдын ичинде Биринчи май муниципалдык администрациясы тарабынан 1892 демилге кат иштелип чыккан, анын 1831и (96,7%) мамлекеттик тилде, 61и (3,3%) расмий тилде, жалпы номенклатура боюнча мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздар 99% түзөт.
Жыйынтыгында катышуучуларга кыргыз тилинде жогорку деңгээлинде сүйлөп, адабий тилдин ченемдерин сактоо зарылдыгы эскертилди.