Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков Курманжан-Датка көчөсүндөгү жолдун бөлүүчү бөлүгүн жашылдандыруу, Ибраимов көчөсүндөгү тротуарлардын курулушу жана сквердин капиталдык курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди текшерди.
Бүгүнкү күндө Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жолду кеңейтүү иштери аяктап, жаңы аялдама орнотулду.
Курманжан Датка көчөсүндөгү Жибек-Жолу көчөсүнөн Волховская көчөсүнө чейинки жолдун бөлүүчү бөлүгүн көрктөндүрүү, тагыраагы жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө.
Учурда Курманжан Датка көчөсүнүн жана Чүй проспектисинин кесилишинде сквердин курулушу улантылууда.
Кыдыруу учурунда район башчысы Курманжан-Датка көчөсүн жашылдандыруу иштерин тез арада бүткөрүүнү тапшырды
.