3-октябрь күнү, саат 10-11:00гө чейинки аралыкта Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт.

Биринчиден, Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасы сыноодон өткөрүлөт.

Андан кийин Ош шаарында, андан соң өлкөнүн район, облус борборлорунда жалпы коңгуроо кагылат. Катуу сирена сигналы 5 мүнөткө бир жолу угулат.
Балдарга сиреналардын үнү окуу экенин түшүндүрүү керек!

Эскертүү, узак сигнал коркунуч же өзгөчө кырдаал жөнүндө эскертет.

Эскертүү билим берүү мүнөзүндө жана Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн алкагында өткөрүлөт. Бул иш-чара Кыргызстанда жыл сайын 5-октябрда өтөт.

Бул окууларга бардык министрликтер жана тиешелүү ведомстволор тартылган. Кошумчалай кетсек, бул флешмобго каалаган мекеме-уюмдар катыша алышат.

Бул эвакуация флешмобунун максаты - жер титирөө учурундагы жүрүм-турум эрежелери боюнча билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле уюшкан жана өз убагында эвакуациялоо көндүмдөрүн жогорулатуу.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сизден сиреналар жана башка акустикалык аппараттар үнү чыкканда тынч болушуңуздарды суранабыз!