Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин алдындагы «Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.

Ошентип, машыктыруучулар Раис Фатаков, Дерис Подкидышев жана Михаил Хисамудиновдун жетекчилиги астында сууда сүзүү боюнча мастер-класс өттү.

Спорттук иш-чарага 40тан ашык адам катышты. Конокторго спорт мектебинин иши тууралуу айтып беришти. Алар жетиштүү практикалык жана пайдалуу маалымат алышты, көптөгөн жаңы жана кызыктуу нерселерди үйрөнүштү.

Чогулгандар сууда сүзүү боюнча машыгууларга катышууга мүмкүнчүлүк алышты жана спортчулар менен иштөөдө машыктыруучулар кандай олуттуу жана түйшүктүү иштерди аткарып жатканын көрө алышты.