Эко-таксилерди ишке киргизүү долбоору шаарда экологиялык таза транспортту өнүктүрүү боюнча Бишкек мэриясынын демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат.

2023-жылдын 1-октябрында жаңы экотакси кызматы - Муниципалдык ECO TAXI иштей баштайт. Бул электр энергиясы менен иштеген экологиялык жактан таза жана үнөмдүү транспорт түрү.

Биринчи этапта Муниципалдык ECO TAXIнин 10 электр унаасы иштей баштайт.

Маршрут схемасы:
Киев / Ю.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичи районуна чейин белгиленген сары тилке боюнча саат 07:00-10:00 (күндүзгү) жана 17:00-20:00 (кечки).

Отургузуу баасы киши башына 50 сом.

ECO TAXI экологиялык транспорт үчүн атайын тилкеде жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Таксилер заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өтүштү. Жакынкы арада htps://etaxi.kg/ сайтынан ар бир электр унаасынын геолокациясын онлайн режиминде көрө аласыздар.

Муниципалдык ECO TAXI диспетчердик кызматына +996 (706) 22 22 76 (WhatsApp, Telegram) телефону аркылуу кайрылсаңыз болот, CALL борбору күнү-түнү иштейт.

Муниципалдык ECO TAXIнин артыкчылыктары:
• Белгиленген сары тилкеде айдоо
• Экологиялык жактан таза - атмосферага зыяндуу эмиссиялар жок
• Жүргүнчүлөр үчүн комфорт – тынч жана жылмакай жүрүү
• Экономикалык - саякаттын арзан баасы
• Коопсуздук – кабинадагы видеобайкоочу камералар

Муниципалдык ECO TAXIнин ишке кириши Бишкек шаарынын экологиялык таза транспортун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Электр унаалар экологияга жана жарандардын ден соолугуна зыян келтирбейт.