“Ишкерлер күнү” кесиптик майрамына карата Свердлов акимиатынын жыйындар залында райондун коомдук турмушуна активдүү катышкан райондук ишкерлерге муниципалдык администрация тарабынан “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков ишкерлердин Свердлов районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджетти толтурууга, жумуш орундарын түзүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Райондун инфраструктурасын жакшыртууга жана райондун жана жалпы шаардын эстетикалык көрүнүшүн жаңыртууга ишкерлердин катышуусу өзгөчө белгиленди.

Район башчысы ишкерлерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана мындан аркы ишкердик иштерине ийгиликтерди каалады.