Шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен коррупцияга, ошондой эле башка аткаминерлердин кысымына жол бербөө максатында борбор калаадагы бардык объектилерди мэрдин  орун басарлары көзөмөлгө алууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы буга чейин “IHLAS” курулуш компаниясынын жетекчилиги менен муниципалдык аймактын мыйзамсыз орнотулган тосмосу жана курулушу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Бүгүнкү күндө 50 метр темир тосмо өз ыктыяры менен алынды.