Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен акимчиликтерде жумушчу жыйындар өтүүдө.
Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, орун басары Чыңгыз Байсов, шаардык кызматтардын жана МАБнын өкүлдөрү расмий делегациялардын каттамдагы негизги иштерин талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо, фасаддарды жасоо, чарбалык субъекттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө басым жасалды.
Текшерүүлөрдү жүргүзүп, күн сайын, дем алыш күндөрү да иш алып баруу тапшырылды.
Ошондой эле, чогулгандарга өздөрүнүн участоктору үчүн жеке жоопкерчилик туурасында эскертилди.
Белгилей кетсек, саммиттин катышуучуларынын маршруту белгиленген борбордук көчөлөрдө даярдык иштери жүрүп жатат.