Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын инспекторлору таңкы саат 06:00дөн баштап шаар аймагында таштандылар топтолгон айрым пункттарда рейддерди жүргүзүштү.
Анда борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын сакталышын камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын таштоо жана өз аймагынын тазалык талаптарын аткарбагандыктан Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптарына ылайык 10 чарба субьектилерине жана 2 жаранга протоколдор түзүлдү.
Урматтуу шаар тургундары! Инспекция сиздерди тиричилик жана башка таштандыларды таштанды челектерине таштоого, жаш өспүрүмдөргө экологиялык жактан үлгү көрсөтүүгө жана шаарыбызга кам көрүүгө чакырат.
Көрктөндүрүү эрежелери бузулган учурда инспекция күнөөсүн мойнуна алган, албаганына карабастан, протоколдор түзүлөөрүн эскертет.