Свердлов муниципалдык администрациясы №67 мектеп гимназиясы менен биргеликте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Билим берүү тармагынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Светлана Кенжебаева, мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева жана Свердлов райондук администрациясынын башчысы Максатбек Саргазаков куттукташты.

Мугалимдерге жана директорлорго ак эмгеги, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого  кошкон салымы үчүн жылуу каалоо-тилектер, ыраазычылык сөздөр айтылды.

Свердлов районунун билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана мыкты мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу максатында 12-15-май күндөрү өткөн райондук «Жүрөгүмдү балдарга арнайм» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Бул сынакка жалпысынан 18 мугалим катышып, анын ичинен 13 мугалим сынактын жеңүүчүсү болуп, байгеге ээ болушту.

Бардык коноктор үчүн концерттик программа даярдалган. Иш-чарага чакырылган конокторго баалуу белектер тапшырылды.

Татаал, ошол эле учурда ардактуу жана асыл кесиптин өкүлдөрүн Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз! Урматтуу мугалимдерибиз, сиздерге ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди, ошондой эле окуучулар тарабынан кадыр-баркка ээ болушуңуздарды каалайбыз!