Биринчи май райондук балдар чыгармачылык борборунда ачык эшик күнү өттү.
Иш-чарага Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, башчынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондук билим берүү борборунун директору Самара Шербаева катышты.
Коноктор көркөм чыгармачылык жамааттарынын, инструменталдык ансамблдердин ар түрдүү өнөрлөрү, көргөзмөлөрү менен таанышышты.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы окуу класстары, хореографиялык зал, фойе, имараттын фасадында оңдоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле электр монтаждоо жана витраждарды алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек: Тоголок Молдо 21 даректеги "Балдар чыгармачылык борбору" 1985-жылдын март айында негизделген. Балдар чыгармачыл борбору үч багытты камтыган: интеллектуалдык, социалдык өнүгүү, көркөм кол өнөрчүлүк жана музыкалык-эстетикалык көп тармактуу мекеме.