Фучик көчөсү менен Рыскулов көчөсүнөн батыш тарабынан Газпромдун кеңсесине чейин жаңы тротуар төшөлдү. 2300 метрге бордюрлар, сугат лотоктору орнотулуп, тротуарга ысык асфальт төшөлдү.

Бул аймакта кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер, курулуш аянтчасынын астына кулаган бак-дарактар болгондугун белгилей кетели. Азыр тоскоолдуктар жоюлду, иш 100% бүттү.

Ошондой эле Фучик көчөсү менен оорукананын негизги кире беришинен Москва көчөсүнө чейин батыш тарабында тротуар асфальтталды.

Аталган аймакта эски асфальт оңдолуп, бордюрлар орнотулуп, асфальт төшөлдү. Учурда ирригациялык системаны орнотуу иштери жүрүп жатат. Бардык иштер кыска мөөнөттө бүткөрүлөт.

Буга чейин жайкы сезондо Фучик көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин чыгыш тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктаган.

Ошондой эле Фучик көчөсүндө аялдамаларды орнотуу, бордюрларды сырдоо, жаракаларды толтуруу иштери улантылууда.