Тротуарларды капиталдык оңдоону өз убагында бүткөрүү үчүн курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерди бошотуп берүү зарыл. Курулуш иштеринин жүрүшүндө көптөгөн объектилерде жеринен чечилип, ошону менен жумуш ордун гана эмес, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарды да камсыз кылуу маселелери жаралууда.
Капиталдык курулуш жүрүп жаткан тротуарлардагы көйгөйлөрдү чечүүдө атайын комиссиялык кароо үчүн жумушчу топ түзүлгөн, ага Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жооптуу кызматкерлер, ТЖКЧ жана курулуш блокторунун бардык кызматтары кирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын подряддык уюмдары тарабынан түркүктү жылдыруу, күркөлөрдү демонтаждоо, бак-дарактарды кыюу ж. б. сыяктуу бир катар маселелер көтөрүлдү.
Бардык курулуш объектилери боюнча "Бишкекжашылчарбасы" муниципалдык ишканасына тротуарларды курууга тоскоол болгон бак-дарактардын абалын, зарыл болгон учурда аларды алуу максатында иликтөө тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы муниципалдык администрациялар менен биргеликте жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен макулдашуу боюнча Москва көчөсү № 186 дарегинде, Л.Толстой көчөсү Манас проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарларды курууга тоскоол болгон кирүүчү топторду изилдеп чыкуу жана зарыл болсо алуу милдеттендирилди.
Ошондой эле Москва – Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күркөлөрдү көчүрүү маселеси каралууда.
Л.Толстой көчөсүндөгү тротуардын ордуна орнотулган гараждар, вулканизация жана авто тетиктер дүкөндөрү да тазаланат же башка жерге көчүрүлөт.
Белгилей кетсек, борбордун эстетикалык көрүнүшүн жана тротуарлардын көлөмүн (туурасын) сактоо үчүн кызыл сызыктан чыккан объекттер: мамылар, тепкич аянтчалары, тосмолор, бактар ж. б. демонтаждалат.