Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын, Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын № 21 МАБнын  өкүлдөрү айланма жолдун  айланасын текшерип,   көмүр сатууну иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 115-берененин 1-бөлүгү менен 5500 сомго 1 протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 26-сентябрында сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары, көмүр сатуу менен алектенген жарандарга баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө, санитардык нормаларды сактоо жана тегерек-четтин тазалыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.