№67 мектептин жыйындар залында Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков менен кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларынын жолугушуусу өттү.
Ошондой эле жыйынга Курултайдын делегаттары жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө район башчысы 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгында аткарылган иштер жана 2024-жылга пландар боюнча отчет берди.
Район башчысы титулдук тизмени түзүүнүн форматтарын түшүндүрүп, жолдорду, тротуарларды, канализацияны куруу, социалдык объектилерди оңдоо, районду жашылдандыруу, коомдук жайларды санитардык жактан тейлөө жана башка маселелерге тиешелүү ар бир пунктка токтолду.