Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте борбор калаанын көчөлөрүн кыдырып, шаарды көрктөндүрүү, коопсуздук, тазалык, жашылдандыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Калаа башчысы Чүй проспектисин Ош базарынын айланасындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда Чүй проспектисинде Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин 1500 түп туя көчөтү отургузулуп, көрктөндүрүү иштери улантылууда.
Андан кийин калаа башчысы Фучик көчөсүндөгү аялдама комплексин, бетон тосмолорду орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Фучик көчөсүндө "Аска-Таш" комплексинен түндүк багытты көздөй бетон тосмолорду орнотуу кызуу жүрүүдө. Бетон тосмонун узундугу- 1,5 м, бийиктиги - 1,4 м түзөт. Бул иштер шаардыктардын коопсуздугу жана кырсыктарды алдын алууга багытталган.