27- сентябрь күнү Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекция тарабынан эко текшерүү иштери улантылып, тыюу салынган заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, МАБ №14 менен биргеликте Жибек-Жолу, Кулиев, Павлов көчөлөрүндө жайгашкан 8 мончону текшерди.
Текшерүү учурунда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныкталган жок, жеке үйлөрдө мончо көмүр жана отун менен жылытылат. Рейд учурунда мончо ээлерине зыяндуу заттарды өрттөөгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.