Спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Белгилей кетсек, мелдеш Ханчжоу шаарында өтүп жатат.
Аманбеков 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ал алгач Непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда Таиландтык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш спортчубуздун Филиппиндик спортчуга 2:0 жеңилүүсү менен аяктады.
Белгилей кетсек, бул байге кыргыз ушу саньда тарыхында спортчулардын жайкы Азия оюндарындарындагы алгачкы медалы болду.