"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын подряддык уюмдары тарабынан буга чейин шаардын борборундагы 21 көчөдөгү тротуарларында капиталдык оңдоо иштери башталган.

Алсак, Ибраимов көчөсү Л.Толстой көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин "Хорвестр"ЖЧКсы тарабынан эки тараптан тең иштер жүргүзүлүүдө. Жибек-Жолу проспектисинин жанындагы "Дастан" дүкөнүнөн Огонбаев көчөсүнө чейин курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө чейин асфальтбетон аралашмасы төшөлдү. Ибраимов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин жана Огонбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин батыш тарабынан асфальтка даярдыктар жүрүп жатат, буга чейин ирригациялык система жана тротуардык бордюрлар орнотулган. Бул участокторду ушул жуманын ичинде асфальттоо пландалууда.

Токтогул көчөсүнөн "Дордой Плаза" соода борборуна чейин чыгыш тарабынан бордюрлар орнотулуп, асфальтка даярдык иштери жүрүп жатат.

Ибраимов көчөсүнүн батыш тарабынан Түгөлбай – Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жана Токтогул көчөсүнөн Түгөлбай – Ата көчөсүнө чейин чыгыш тарабынан тротуар курууга туш болгон бак-дарактарды алып салуу иштери каралган.

Ошондой эле, бул объектти курууда 2 мамы тирегич жана тосмолору курулушка тоскоол болуп жатат. Бул маселелер чечилгенден кийин аба-ырайынын шарттары ыңгайлуу болгон учурда иштер улантылат жана аяктайт.