Ленин администрациясы Ленин райондук СӨБ, ИИБ, МАБ жана райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ата-энесинин камкордугусуз калган, ички жана тышкы мигранттардын балдарын, аларга карата ырайымсыз мамилелерди жана зомбулукту алдын алуу, коомдук тамак-аш пунктарында, тигүү цехтерде, унаа жууган жерлерде, базарларда ж.б. жайларда иштеген балдарды жана кароосуз, көзөмөлсүз, кайыр сураган жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында күндүзгү жана түнкү рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
Натыйжасында, Ош базарында ата-энелерине жардам берген 2 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталган. Өспүрүмдөр Ленин районунун аймагында жашашат. Жашы жете электердин ар бир өкүлү жана алардын иш берүүчүлөрү менен балдардын эмгегин колдонуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ленин районунун аймагында жашаган жашы жете элек өспүрүмдөр Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынды.
Рейд учурунда эмгектин эң начар түрлөрүнө тартылган балдар аныкталган эмес.