«Газпром» балдар үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде спорттун оюн түрлөрү боюнча «Ачык эшиктер күнү» өттү.
Майрамга спорттун оюн түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин бардык машыктыруучулары, мектептин тарбиялануучулары, ошондой эле чакырылган коноктор катышты.
Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын гимнин аткаруу менен башталып, андан соң окуу-спорттук, дене тарбия жана массалык иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы Канатбек Маматов куттуктоо сөзүн айтты.
Коноктор үчүн көрсөтмө оюндар уюштурулду, анда спорт мектебинин окуучулары спорттун оюн түрлөрү: футбол, волейбол, баскетбол, хоккей, бадминтон жана гандболдун техникалык элементтерин көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралардын максаты спорттун оюн түрлөрүн жайылтуу жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Спорттук майрам бардык катышуучуларга көптөгөн жакшы эмоцияларды жана мыкты маанай тартуулады.