Канализация кудугу желим бөтөлкөлөр, чүпүрөктөр жана курулуш материалдары менен толуп калган. Тургундар таштандыларды ыргытып, канализацияда авариялык абалды жаратышкан.
Шаардык дренаж системасы суюк тиричилик таштандыларын кабыл алууга ылайыкталган. Көбүнчө шаар тургундары аны таштандынын бардык түрлөрүн: курулуш, тиричилик, чүпүрөк, гигиеналык буюмдарды жок кылуунун универсалдуу жолу катары көрүшөт. Мунун баары суу агып өтчү жерге жабышып, канализацияларды бүтөп, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн азайтат.
Адистер канализацияны тазалап, топтолгон таштандыларды жана калдыктарды чыгарышты. Бул иш-чара системанын нормалдуу иштешин калыбына келтирүү жана үйдүн жашоочуларына, айлана-чөйрөгө тийүүчү оор кесепеттерин алдын алуу максатында уюштурулууда.