“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Комиссиянын ишинде жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралды.

Жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу  Жумаев Султанбек, №36 каттамдын айдоочусу Керимбаев Макен, №195 каттамдын айдоочусу  Мамбетов Дөөтгүл каттамдан алынды.

Эгерде автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү буга чейин эскертилген.

Урматтуу шаар тургундары!
Жол кире акысын накталай алган айдоочулар тууралуу  фото, видео фактыларды ишкананын  0709572707 вотсап номерине  жөнөтсөңүздөр болот.

Сиздер айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй калат. Ошон үчүн жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранабыз.

Эске сала кетсек накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.