Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков, ошондой эле №21 МАБдын жетекчиси жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

- футбол аянтчасын куруу.
- мечит жайгашкан жер тилкесин мыйзамдаштыруу.
- №15 көчөдө жайгашкан жер тилкелерине мунапыс берүү маселеси.

Андан соң, Элебесов  көчөсүндөгү жол курулуш иштери текшерилди.  

Жыйындын соңунда Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков бул маселелерди шаардык тиешелүү кызматтардын катышуусунда   комиссиялык кароону  тапшырды.