«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан Биринчи май жана Свердлов райондорунда жайгашкан ачык коллектордук-дренаждык түйүндөрдү кол менен жана механикалык түрдө тазалоо иштери уланууда.
Мындан тышкары, Октябрь, Ленин районунда «Ала-Арча» дарыясы тазаланууда.
Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.