Бишкек шаарынын төрт районунда Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаеванын, акимдердин орун басарларынын, райондук билим берүү башкармалыктарынын башчыларынын төрагалыгы астында мектеп жана бала бакчалардын директорлору менен кеңешмелер өткөрүлдү.

Кеңешмелерде социалдык уюмдардын камкорчулук кеңештеринин иштери кандай жүргүзүлүшү керектиги кеңири талкууланып, түшүндүрмөлөр берилди, ошондой эле алардын максаттары жана милдеттери боюнча маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле мектеп директорлоруна мектептин айланасындагы санитардык абалды туруктуу негизде көзөмөлдөп туруу жана зарыл болгон учурда санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча тийиштүү иштерди уюштуруу тапшырмасы берилди.

Маалымдама: кеңештин максаты көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга, гуманитардык жардамды жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга көмөктөшүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майынан №136 «Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августунан №468 «Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин камкорчулар кеңеши жөнүндө» токтомун аткаруунун алкагында өткөрүлдү.