Свердлов муниципалдык администрциясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмононалиевдин, «Кыргыз тест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинскаянын, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаковдун жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Каныбек Осмоналиев жана Батма Топоева-Ставинская мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди тиешелүү деңгээлде билүүсүнө карата коюлган талаптарды баса белгилеп өтүштү. Ошондой эле, Каныбек Осмоналив өз сөзүндө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын артыкчылыктарын айтып, 30 жылга салыштырмалуу карасак, эми гана талаптагыдай аткарылып баштаганын жана мыйзамды кабыл алуу резонансты жараткандыгын билдирди.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрү иш кагаздарын жазууда кызматкерлер адабий тилдин нормаларын сактоосу керектигин эскертишти.
Улуттук комиссиянын өкүлдөрү өз баяндамасында Свердлов муниципалдык администрациясында мониторингдин жыйынтыгы менен демилге каттар мамлекеттик тилинде жүргүзүлүп, 98% түзгөндүгүн белгилешти.
Ошондой эле, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Максатбек Саргазаков райондук администрацияда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, январь айынан сентябрга чейин мамлекеттик тилде каттардын пайызы 93%ды түздү.