Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.

Ошентип, спорттук иш-чарага спорт мектебинин бардык машыктыруучулар курамы, спорттун   түрлөрү боюнча мектептин тарбиялануучулары (теннис, стол тенниси, армрестлинг, парадзюдо), дүлөй жана начар көргөн балдардын мектеп-интернатынан, ошондой эле азиз жана начар көргөн балдардын мектеп-интернатынан чакырылган коноктор катышышты.

Белгилей кетсек, «Ачык эшиктер күнү» Мамлекеттик тил күнүнө арналды. Иш-чарага 150дөн ашык адам катышты.

Коноктор жана катышуучулар үчүн мамлекеттик тилде концерттик программа уюштурулуп, анда спорт мектебинин окуучулары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернаттарынын өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.