«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаарды штаттык режимде тейлөөнү улантууда.

Азыркы учурда жашылдандыруучулар Жаш Гвардия бульвары, Турусбеков, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү, Чүй жана Жибек-Жолу проспектилери, Фере, Горький, 7-апрель, Чолпон-Ата көчөлөрү, ошондой эле борбор калаанын кичи райондору менен конуштарында газондорду отоо чөптөрдөн тазалап жатышат.

Ошол эле учурда Байтик-Баатыр, Сүйөркулов, Пушкин көчөлөрүнүн боюндагы, Жеңиш аянтындагы бир жылдык гүлзарларды  чөптөрдөн тазалоо иштерин өткөрүүдө.

Жашыл көчөттөрдү арык жолу жана атайын техниканын жардамы менен сугаруу Чүй проспектиси, 7-апрель, Тынчтык проспектиси, Манас проспектисинде, №4 шаардык оорукананын  скверинде, театралдык скверде, Ата-Түрк паркы, «Ынтымак» 1,2 жана башка жерлерде жүргүзүлдү.

Ошондой эле Манас проспектисинде азыр 200 ийне жалбырактуу туй отургузулду.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы Бишкектин жашыл аймактарына аяр мамиле жасоону жана көрктөндүрүү эрежелерин бузбоону өтүнөт.