“Эң жакшы короо”, “Эң жакшы квартал” жана “Бишкек шаарынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” кароо сынактарынын жеңүүчүлөрүн аныктоо максатында комитет кичи райондордун иши менен таанышууну улантууда.

25-сентябрь күнү комиссия мүчөлөрү Свердлов районунун Аламүдүн-1 кичирайонундагы ТЖЭК-62,    №34,35,36 үйлөрдүн, Чыгыш-5 кичирайону, №30 үй - “Ак-Кеме” турак-жай ээлеринин шериктештигинин, С.Кийизбаев көчөсү №31 үйүнүн, №27 квартал жана  №58 кварталдын  иши менен таанышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө  Аламүдүн-1 кичирайонундагы №34,35, 36 үйлөрдүн короосундагы жашылдандыруу иши комиссия мүчөлөрүнүн көңүлүн бурду, анда жашоочулар тарабынан короого өзгөчө көңүл бурулуп, арча, карагай,  дарактардын, гүлдөрдүн түрлөрү отургузулуп, жашылдандыруу иштери атайын дизайндын негизинде жасалган.

Мындай көңүл кубантарлык иштер  борборду жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө  чоң салым кошуп, шаар тургундарына жана келечек муундарга экологиялык  таза пайда алып келген, жашоого ыңгайлуу эң таза, жашыл шаарды курууга салым кошот.

Эскерте кетсек, “Эң жакшы короо” сынагы 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр болуп, эки номинация боюнча өткөрүлөт. Бишкек шаарынын ТЖМЭШ, ТЖКК, ТЖЭК, ТЖЭӨК, ошондой эле үй комитеттери катышат. “Эң жакшы квартал” сынагына Бишкектин райондук комитеттери катышууда.

“Эң жакшы короо” сынагынын байге фонду 460 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- 1-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 2;
- 2-орун – 80 миң сом, орундардын саны – 2;
- 3-орун – 50 миң сом, орундардын саны – 2.

“Эң жакшы квартал” сынагынын байге фонду 300 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- 1-орун – 130 миң сом, орундардын саны – 1;
- 2-орун – 100 миң сом, орундардын саны – 1;
- 3-орун – 70 миң сом, орундардын саны – 1.

Урматтуу шаардыктар! Сынак Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо жана шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди аймактык деңгээлде уюштурууга багытталган, муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлүүдө.